Жаңылыктар
Өнүктүрүү фондунан өкмөт башчыга маалымат
Экономика
Өнүктүрүү фондунан өкмөт башчыга маалымат

Коммерциялык банктар аркылуу Кичи жана орто бизнести насыялоо программасын ишке ашыруунун жүрүшү, Фонд тарабынан насыя алуу шарттарын жеңилдетүү, кичи жана орто бизнести насыялоо боюнча Өнүктүрүү фондунун башчысы Кубанычбек Кулматов Премьер-министрге маалымат берди. 

Кулматов белгилегендей, кичи жана орто бизнес үчүн насыяны жеткиликтүү кылып,аймактык камтууну камсыздоо максатында Фонд өнөктөш-банктардын тизмесин кеңейтүүнү пландап жатат. Фонд - суммасы 1 миллион Америка долларынан ашпаган, кичи жана орто бизнести жылына 5% үстөк менен насыялоо программасын ишке ашыра баштаган.

Кубанычбек Кулматов маалымдагандай, Президент Алмазбек Атамбаевдин тапшырмасы менен Фонд тараптан айыл чарбаны каржылоо жана кичи жана орто бизнести өнүктүрүү үчүн кошумча 10 миллиард сом бөлүү боюнча иш аткарылууда. 

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков - кичи жана орто бизнести колдоого алуу 2013-2017-жылдарга Туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясына ылайык, экономиканы өнүктүрүүнүн маанилүү багыттарынын бири экенин белгиледи.