Жаңылыктар
Кайгуул кызматына татыктуу кызматкерлер гана тандалат
Кыргызстан жаңылыктары
Кайгуул кызматына татыктуу кызматкерлер гана тандалат

Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгына кызматкерлерди тандап алуу боюнча ачык сынактын экинчи баскычы өтүп жатат. Буга чейин тестирлөөдөн өткөн сынактын катышуучулары ушул тапта дене тарбия боюнча даярдыктан өтүүдө. Бул жолку сынактан өткөн талапкерлер ИИМдин академиясынын алдындагы үч айлык курста окуйт.

Турникке тартынып, дене тарбия боюнча даярдыгын көргөзүп жаткан Тилек кесиби боюнча архитектор. Бирок бала чагынан кыялданган кесибин орундатуу үчүн, Кайгуул кызматына жарыяланган сынака катышууга бел байлаган. Биринчи баскычта өткөн тесттин жыйынтыгы жаман эмес, эми кезек кийинкиге келди. Жарыяланган ачык сынака жалпы жонунан миңден ашык адам катышкан. Алардын арасынан тестирлөөдөн өтпөй калгандар да бар. Калгандары топ-топко бөлүнүп, 2-июндан 5-июлга чейин дене тарбия боюнча даярдыгын көргөзүшөт.