Жаңылыктар
Туризм жаатында жылдызы жанган Ысык-Көлгө келгендердин катары көбөйдү
Кыргызстан жаңылыктары
Туризм жаатында жылдызы жанган Ысык-Көлгө келгендердин катары көбөйдү

Аба ырайынын ысышы менен Ысык-Көлгө болгон эс алуучулардын агымы көбөйдү. Россиялык «ТурСтат» аналитикалык агенттигинин билдирүүсү боюнча бир, эки жумага эс алуу КМШ мамлекеттеринин ичинде Ысык-Көлдө эң арзан деп белгиленген. Агенттик бул сурамжылоону россиялыктар көп барган жана инфраструктурасы өнүккөн курорттор арасында жүргүзгөн. Мында визасыз режим, жергиликтүү элдин орус тилинде эркин сүйлөшкөнү да эске алынган. Негизинен эле быйыл Ысык-Көлгө эс алуу кандай уюштурулду, буга атайын кызматтардын даярдыгы кандай? 

Былтыркы жылы Ысык-Көл облусуна бир миллион жыйырма миңге жакын турист келиптир. Быйыл мындан кем болбойт деген божомол бар. Азыр көл жээктери эс алуучуга толо элек. Бирок июль айынын башы менен Чолпон-Ата шаары жана Бостери айылынын конок үйлөрү конокторго толот. Буга атайын кызматтардын даярдыгы боюнча айтсак быйыл өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Чолпон-Атадагы суучулдар мектеби элүү беш куткаруучуну окутуп даярдап берген, муниципалдык пляждарга да куткаруучулар даярдалыптыр. Алдыда дагы окуулар белгиленген.