Жаңылыктар
Кыргызстан менен Моңголия архивдик документтерди алмашуу багытында кызматташат
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстан менен Моңголия архивдик документтерди алмашуу багытында кызматташат

Бул эки өлкөнүн илимий чөйрөсүнүн алакасы чыңдалышына өбөлгө түзөт. Ошондой эле Кыргызстан Моңголиянын тажрыйбасын колдонуп архивдик документтерди санариптештирүүнү максат кылууда. Мамлекеттик борбордук архивде 1831-жылдан берки жарым миллиондон ашык документтер сакталуу турат. Алар менен каалаган учурда эле таанышуу мүмкүн эмес. Керектүү маалымат алыш үчүн тиешелүү тараптын расмий кайрылуусу талап кылынат.

Буга чейин мекеме 11 өлкө менен архивдик маалыматтарды алмашып келсе, эми бул багытта Монголия менен да кызматташуу жанданат. Кыргызстандын Мамлекеттик каттоо кызматы менен Монголиянын Башкы архивдик башкармалыгы байланыш түзүүдө. Кыргызстанда документтер кагаз түрүндө сакталат. Ал эми Монголия аларды санариптештирүү ишин 3 жыл мурда баштаган. Бул өлкөнүн тажрыйбасын пайдаланып, өлкөдө архивдик маалыматтарды санариптештирүүчү борбор түзүлөт.