Жаңылыктар
Казакстандагы жарылууларга байланыштуу Бишкек-Москва поезд каттамы токтотулду
Кыргызстан жаңылыктары
Казакстандагы жарылууларга байланыштуу Бишкек-Москва поезд каттамы токтотулду

Коопсуздук чараларынан улам “Кыргыз темир жолу” ишканасынын Бишкек-Москва багытындагы №17 жүргүнчүлөрдү ташыган поезди токтотулат. Мындай чечим Казакстандын Арыс шаарында жайгашкан кампадагы жарылууга байланыштуу кабыл алынганын “Кыргыз темир жолунан” кабарлашты. 

Каттам качан жүрө турганы боюнча азырынча маалымат жок. 24-июнда Казакстандын түштүгүндөгү Арыс шаарына жакын жердеги курал-жабдык сактоочу кампада жарылуу болгон. Кырсыктын кесепетинен бир адам каза таап, ар кандай жаракат менен ондогон адамдар ооруканага түшкөн. Кампадагы жарылуу бир нече күнгө созулары айтылууда.