Жаңылыктар
Касым-Жомарт Токаев жарылуудан эвакуацияланган жергиликтүү тургундар менен жолукту
Дүйнө
Касым-Жомарт Токаев жарылуудан эвакуацияланган жергиликтүү тургундар менен жолукту

Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев Арыс шаарындагы курал-жарак сакталган кампанын жарылуусунан кийин эвакуацияланган жергиликтүү тургундар жана ооруканага түшкөн бейтаптар менен жолукту.

"Шаарды калыбына келтиребиз. Чыдай тургула. Бул өзгөчө кырдаал. Өкмөттө каражат каралат, ремонт жасайбыз", — деди Токаев. 

Белгилей кетсек, жарылуу 24-июнь күнү саат 9.20ларда Казакстандын түштүгүндө жайгашкан Арыс шаарындагы №44856 аскер бөлүгүнө жайгашкан курал-жарак кампасында болгон. Элди ыкчам кызматтын адистери, ИИМ жана Коргоо министрлигинин өкүлдөрү эвакуациялаган. Шаарда 43 миң киши жашайт. Облус акими Умирзак Шукеев башында турган жумушчу топ түзүлдү. 

Казакстандын маалымат каражаттары жарылуудан эки адам каза тапканын жазууда. Бул тууралуу өлкөнүн Премьер-министри Аскар Мамин да айтты. Көз жумгандардын бири аскер кызматкери болсо, бири жай тургун. Ал эми өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинин билдирүүсү боюнча, жалпы жонунан дарыгерлерге 165 адам кайрылган. Анын 89у ооруканага жаткырылды. Алардын 18и — бала, 13ү — кош бойлуу аял, бешөө — жаңы төрөгөн келиндер. 15 бейтап реанимацияда.