Жаңылыктар
Бишкек: ысык суу берүү бир айга токтотулат
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкек: ысык суу берүү бир айга токтотулат

Ордо калаада ысык суу 10-майда өчүрүлөт. Бишкек жылуулук берүү ишканасы билдиргендей, жылуулук тармактарын оңдоо иштери апрель айында башталды. Жылуу суу берүү мэриянын тиешелүү токтому чыккан соң токтотулат. 

Азырынча ысык сууну өчүрүү тажрыйбасынан толугу менен баш тартуу мүмкүн эмес, анткени айрым иштер жабдуулардын өчүрүлүшүн талап кылат, деп билдирет ишкана адистери. Маалымдалгандай, Бишкектин жылуулук тармактары күз-кыш мезгилиндеги өнөктүгүн өтөп бүтүп, келээрки жылуулук мезгилине даярдык көрөт. 

Эске салсак, ордо калаада жыл сайын ысык берүү бир айга токтотулат. Мындай иш-аракеттер келаткан жылуулук берүү мезгилинде жарандарды сапаттуу жылуулук менен камсыздоо максатында жүргүзүлөт.