Жаңылыктар
КТРКнын эки каналы YouTube каналынын күмүш баскычына ээ болду
УТРК жаңылыктары
КТРКнын эки каналы YouTube каналынын күмүш баскычына ээ болду

Биз сиздер менен жакшы жаңылыгыбызды бөлүшөбүз, КТРКнын эки каналы YouTube каналынын күмүш баскычына ээ болду. Коомдук биринчи канал жана «КТРК Музыка» каналы ютубдагы расмий каналына 100 миң киши катталгандыгы үчүн ютубдун күмүш баскычына ээ болду. 

Урматтуу биздин каналдардын катталуучулары жана көрүүчүлөр, ар дайым биз менен бирге болуп, бизди көргөнүңүздөргө рахмат айтабыз! Биз өнүгүү жана өсүү жолунда сиздер үчүн иштеп, дайыма кызыктуу маалымат жана жакшы маанай тартуулайбыз!

Белгилей кетсек, КТРК курамындагы бардык каналдар YouTube каналында бар. Кызыктуу жаңылыктар, спорттук мелдештер, маданий иш-чаралар, бардык көрсөтүүлөр жана көптөгөн жагымдуу музыка! Каналга кирип катталыңыз! Кубануу менен айта кетсек, биздин көрүүчүлөрдүн саны чет өлкөлөрдө да өсүп, журналисттер бардык аймактардан, өлкөдөн тышкары Москвадан да материалдарды даярдоодо. Каналдарыбызга катталып, биз менен бирге болунуздар! 

Жалпы төрт баскыч болот, алардын үчөө расмий жана бирөө расмий эмес деп эсептелет. Бул баскыч күмүштөн, ал эми ютубдун белгиси айнектен жасалган. Мындай баскычка дүйнө жүзүндө миллиондон ашык ютуб канал ээ болгон.