Жаңылыктар
Касым-Жомарт Токаев бир күндүк айлык акысын Арыска которду
Дүйнө
Касым-Жомарт Токаев бир күндүк айлык акысын Арыска которду


Казакстандын Арыс шаарындагы ок-дары сакталган кампадагы жарылууда жаракат алган 15 адам Чымкент облустук оорукананын реанимация бөлүмүндө жатат. Алардын экөө балдар болсо, тогуз адамдын абалы оор. Жалпысынан дарыгерлерге 160тан ашык адам кайрылган, алардын 76сы ооруканага жаткырылган. Жарылууда жарадар болгон эки жаран каза болду, бири жай тургун, анын автоунаасына снаряд тийген, экинчиси аскер адамы экени маалым болду. 

Арысдагы 43 миң адамдын 42 миңи коопсуз жайга көчүрүлдү. Ок-дары сакталган кампадагы жарылуунун себепби азыркыга чейин белгисиз. Ал арада Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев бир күндүк айлык акысын Арыс шаарында ок-дары сакталган кампадагы жарылуудан жабыр тарткандарга которду.