Жаңылыктар
Дарбыздагы нитраттын нормасы жогорубу? (видео)
Кыргызстан жаңылыктары
Дарбыздагы нитраттын нормасы жогорубу? (видео)

Бүгүн Ала-Тоо 24 каналы менен КТРК сайты чет жактан алынып келинген дарбыздар кантип текшерүүдөн өтөрүн билип келишти. Жакында эле дарбыз менен коондогу нитраттын өлчөмү нормадан ашык болгону белгилүү болгон. Ал эми бул нерсе жарандардын ден соолугуна коркунуч туудурат. Маалыматты текшерүү үчүн, биз фитосанитардык коопсуздук кызматына кайрылдык.

Видеодо көрүп тургандай, фитосанитардык коопсуздук кызматынын кызматкери дарбыздын ширесиндеги курамын текшерүүдө, мындай текшерүүнүн жыйынтыгы 30 минутадан кийин даяр болот. Жай мезгилинде тамак-аштан уулангандардын саны арбын, алардын сап башында дарбыз менен коон турат. Ошондуктан эрежелерди сактап, текшерүү зарыл. Кененирээк Ала Тоо 24 каналынын жаңылыктар чыгарылышынан көрсөңүздөр жана биздин сайттан окусаңыздар болот.