Жаңылыктар
Нарында күч түзүмдөрүнүн аскердик окуу-машыгуусу өтүүдө
Өзгөчө кырдаал
Нарында күч түзүмдөрүнүн аскердик окуу-машыгуусу өтүүдө

Нарында ар кандай табигый техногендик кырсыктарга, массалык баш аламандык учурларына жана өзгөчө кырдаалдарга карата дубандын күч түзүмдөрү менен мекеме ишканаларынын даярдыктарын текшерүү максатында "Коопсуздук 2019" аталышындагы аскердик окуу-машыгуу өтүүдө. Буга өлкөнүн куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы жетекчилик кылууда. 

Иш-чарага негизинен Нарын облусунун жергиликтүү мамлекеттик бийлик органдары, аймактык күч түзүмдөрү жана жарандык коргонуу кызматтары катышууда. Алдыдагы үч күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын куралдуу күчтөрүнүн башкы штабы тарабынан ар кандай өзгөчө кырдаал боюнча буйруктар берилип, тиешелүү кызматтардын биргелешкен даярдыгы текшерилет. Бул күндөрү Ат-Башы жана Нарын шаарында кечки саат 21:00дөн таңкы саат 06:00гө чейин коменданттык саат киргизилет.