Жаңылыктар
Бишкекте дүйнө элдеринин эпосторунун фестивалы өтөт
Маданият
Бишкекте дүйнө элдеринин эпосторунун фестивалы өтөт

Бишкекте дүйнө элдеринин эпосторунун V фестивалы 27-июнда башталат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги кабарлады. Билдирүүгө ылайык, иш-чарага КМШ, Балтия жана Грузиядан 60тан ашуун окумуштуу менен илимпоздор катышат. 

Фестивалдын коноктору иш-чаранын илимий-практикалык жана маданий бөлүгүнө күбө боло алышат. Анын алкагында этникалык мурасты сактоо жана жайылтуу маселелерине арналган симпозиум өтөт. Ал эми маданий программада көчмөндөр кийимдеринин көргөзмөсү, уз-чеберлердин колунан чыккан эмгектердин жарманкесин уюштуруу да каралууда. 

Мындан тышкары, фестивалдын жүрүшүндө "Мыкты боз үй", "Көчмөн стили", "Мыкты манасчы" жана "Мыкты дастанчы" сыяктуу сынактар болот.