Жаңылыктар
Атамбаев:"Айыптоолор “айың кептерге” негизделген"
Саясат
Атамбаев:"Айыптоолор “айың кептерге” негизделген"

Алмазбек Атамбаев өзүнө карата айтылган айыптоолорду “айың кептерге” негизделген деп атап, жоопкерчиликтен коркпосун билдирди. 

Ал арада Медиа Форум имаратында экс-президенттин камактагы тарапташтарын колдоо иретинде элге эркин микрофон берилди. Бирок ага катышкан адамдардын айрымдары саясий куугунтук азыр эмес, Атамбаевдин убагында болгонун да билдирип жатышты.

Иш-чараны уюштургандар камактагы Сапар Исаков, Кубанычбек Кулматов жана Албек Ибраимовго колдоо көрсөтүү максатын көздөгөн. Акция “Эркин микрофон” деп аталды.

“Сапар Исаковдун жана башкалардын кармалышын саясий куугунтуктан башкача мүнөздөй албайм. Мамлекетти маанилүү иштер менен алектенүүгө чакырат элем, - деп билдирди шаар тургуну..

  

“Эркин микрофонду” пайдаланып, пикирин айткысы келгендер аз эмес. Алардын арасында Атамбаев бийликте турган учурда камалган саясатчылар да бар. Алар өздөрүн куугунтук көргөнбүз деп эсептеп, экс-президенттин кол тийбестигине байланыштуу маселеге да токтолушту.

Элдешүүгө үндөп, ынтымакты туу тутууга чакыргандар да болду. Бирок кылган кылмышы үчүн ар бир адам жоопкерчилик тартылышы керек деген көпчүлүктүн пикири.