Орто класстагы адамдар көп эмгектенип жүрүп, биринчи кезекте ден соолугун ойлоп, экологиялык таза азыктарга көңүл бурат.
Учурда Индия планета калкынын жалпы 1/6. Өндүрүшү өрүш алган өлкө өндүргөн айыл чарба азыктары менен дүйнөдөгү көптөгөн мамлекеттерди камсыздайт.
Агрономдордун пикиринде “Жашыл экономикага” келгенде Индия - бул жаатта аксай түшөт. Соңку жылдары ири державанын назары Кыргызстандын таза азыктарына бурулуп, өтө көп көлөмдө болбосо дагы мисалы, кургатылган өрүк, фасоль, жаңгак сымал азыктар экспорттоло баштады.
Экспорт боюнча айта келгенде, экологиялык жактан таза азык деп көкүрөк кага бергенде жакшы тыянак чыкпайт. Бул жерде ири көлөмдө үзгүлтүксүз товар жеткирүү, азыктарды таңгактоо, чыккан жери, сапаты, кыскасы замандын талабына шайкеш келгидей кылып сатыкка чыгаруу утуш алып келет. Ал иштерди аткарууда Кыргызстандын ЕАЭБден алган тажрыйбасынын жардамы тиет.
Талдоочулардын пикиринде, экспорттук мүмкүнчүлүктү кеңейтүү үчүн майда азыктардан ири агробизнестерге жана сапаттуу кооперацияларга өтүү керек.
Өлкөдө өндүрүлгөн айыл чарба азыктарын экспорт кылуунун кеңири мүмкүнчүлүктөрү тууралуу мамлекет башчы өнөр жайды жана ишкерликти өнүктүрүү комитеттин биринчи жыйынында айтты.
Президент мөмө жемиш, сүт, бал жана башка азыктарды ЕАЭБ өлкөлөрүнө эле эмес Кытай, Индия, Пакистан жана Иранга чейин сатууга эшик ачылганын белгиледи. Эми кыргыз тарап мамлекет аралык деңгээлдеги жолугушуулардын аркасы менен түзүлгөн байланыштарды улап, сөздөн ишке өтүп миллирддаган калкы бар базарларга чыкса болот.