Жаңылыктар
Дарбыз сезону башталды: уулангандар жокпу?
Айыл чарба
Дарбыз сезону башталды: уулангандар жокпу?

Сүйүнтбек Озокеев жыл сайын дал ушул маалда Бишкеке дарбыз ташып келип сатып алектенет. Себеби июнь айынын аягы менен өзү туулуп өскөн Кызыл-Жардын дарбыздары бышып баштайт.

 Ушул тапта базарда соодасы кызыды, 16 тонналык дарбызы кеминде 3 күнгө жетпей сатылып кетүүдө.

Биздин жергиликтүү дарбыздар жер семирткичи аз, таза өстүрүлөт. Келген кардарлар дагы ыраазы болуп кетишүүдө. Анктени биз өзүбүз өстүрөбүз, коркпой эле алып жей берсе болот, - деп билдирет соодагер.

Учурда бир гана Сүйүнтбек ага эмес, дарбыз коон саткандар көбөйдү. 

Алгач дарбыздардын баардыгы Бишкектеги эң ири делген Сары-Өзөн базарына келет дагы, бул жерден башка базарларга дүңүнөн алып кетишет.

Базардын ичинде күн сайын эртең менен сатылып жаткан ар бир жер жемиштин баары текшерүүдөн өтөт. Кичинекей ченегич менен, ветеринария жана фитосанитария инспекциясына караштуу лабораториянын кызматкерлери жемиштердин курамындагы зыяндуу жер семирткичтерди аныктап чыгышат.

Нормага ылайык, бир килограмм дарбызда нитраттын көлөмү 60 миллиграммдан ашпашы керек. Жакында Бишкекте жана Ошто Тажикистандан алынып келинген бир нече тонна дарбыз жок кылынды. Анткени анда нитраттын көлөмү 3 эсе жогору болуп кеткен.

Учурда базарларда башка өлкөдөн дарбыздар киргизилген жок. 

Өлкө ичинде өстүрүлгөн дарбыздар бышып калгандыгына байланыштуу Жалал-Абаддын Шамалды-Сай жана, Кызыл-Жар айылынан алынып келинүүдө. 

Инфекциялык ооруканадан болсо быйыл дарбыздан уулангандар каттала электигин кабарлашты.