Жаңылыктар
Бишкекте унаа оңдоочу окутуу-өндүрүштүк комплекси ачылды
Билим
Бишкекте унаа оңдоочу окутуу-өндүрүштүк комплекси ачылды

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Бишкек шаарынын №18 кесиптик лицейинде жеңил унаа оңдоочу окутуу-өндүрүштүк комплексинин ачылыш аземине катышты. Алтынай Өмүрбекова заманбап билим берүү борборунун ачылышы менен куттуктап, артыкчылыктуу кесиптерди экономика өзү аныктайт жана жаштар эмгек рыногунда татыктуу атаандашуу үчүн заманбап тренддерден кабардар болууга тийиш, - деп белгиледи. 

«Жыл сайын жаңы кесиптер пайда болууда. Заман адамдардан жаңы билимдерди жана жөндөмдөрдү талап кылууда. Эгерде балдар жана кыздар керектүү билим алышса, дайыма суроо-талап бар жана айлык маянасы жогору адистерден болушат», – деди Алтынай Өмүрбекова. 

Ал белгилегендей, бул комплекс электромобилдерди жана газ баллондук унаалардын жабдууларын техникалык тейлөө боюнча адис сыяктуу актуалдуу адистиктерге окуткан заманбап окуу жана өндүрүштүк жабдуулар менен жабдылган. 

«Бул Азия өнүктүрүү банкынын колдоосунда, суроо-талап жогору адистиктерди алууга заманбап шарттарды түзүү максатында түзүлгөн төрт комплекстин бири. Окуунун жүрүшүндө окуучулар автотехниканы оңдоо боюнча кеңири билимге жана жөндөмгө ээ болушат. Бүгүнкү күнү өлкөбүздө 1,3 млн ашуун унаа катталган. Анын 400 миңи Бишкек шаарында. Комплексти аяктап, диплом алган соң бүтүрүүчүлөргө суроо-талап көп болот деп ойлойм», – деп кошумчалады вице-премьер-министр.