Жаңылыктар
Батукаевдин иши боюнча кармалган дарыгер үй камагына чыгарылды
Кылмыш
Батукаевдин иши боюнча кармалган дарыгер үй камагына чыгарылды

Батукаевдин иши боюнча кармалган онколог-дарыгер Эмил Макимбетов үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова билдирди. 

Маалыматка ылайык, дарыгердин бөгөт чарасы Бишкек шаардык сотунда 25-июнда каралган. Аны үй камагына чыгарууга эмне негиз болгону айтылган жок. Буга чейин анын адвокаттары тергөө менен кызматташуу жөнүндө сунуш болгонун билдиришкен. Азиз Батукаев 2013-жылдын апрелинде «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошонуп, Орусияга чыгып кеткенине байланыштуу кылмыш ишин иликтөө ушул айдын башында жанданган. 

Анын алкагында алты жыл мурда «кримтөбөлдүн ак кан оорусуна чалдыкканы тууралуу аныктама берген» деген шек менен онколог-дарыгер Эмил Макимбетов, лаборант Ирина Цопова, дагы үч медицина кызматкери кармалган. Алардын экөө үй камагына чыгарылган.