Жаңылыктар
Европанын батыш тарабында 40 градуска чейин ысык болот
Дүйнө
Европанын батыш тарабында 40 градуска чейин ысык болот

Метеорологдордун божомолунда абанын температурасы Европанын батыш тарабында 40 градуска жетет. Буга Испаниядан Швейцарияга чейинки бир катар өлкөлөр кабылат. Апта башында Франция менен Италиянын айрым аймактарында күн катуу ысыды. 

Адистер аба ырайындагы мындай аномалдуу көрүнүштү - шамалдын багыты Сахарадан Европаны көздөй келип жатканы менен түшүндүрүүдө. Парижде температура 34 градуска жетип, улам көтөрүлүп баратат. Шаар бийлиги кошумча фонтандарды ишке киргизип, иче турган суу менен камсыздоо, жана имараттарды жана парктарды кондиционер менен жабдуу жагын колго алууда. Өлкөнүн Билим берүү министрлиги бул аптадагы экзамендердин баарын жылдырды. 

Франциянын Президенти Эммануэль Макрон кары-картаңдарга, оорулуу кишилерге өзгөчө көңүл бурууга чакырды. Италиянын борбордук жана түндүк бөлүгүндө күндүн ысыгы 37ден 40 градуска чейин жетти. Римде, Флоренцияда, Милан жана Турин сыяктуу жети шаарда бул айда рекорддук жогорку температура күтүлүп жатат. Римдин бийлиги шаардагы фонтандарга сууга түшкөнү үчүн сегиз туристке 450 евро айып пул салганга жетишти. Шаарда муздак суусундуктарга болгон талап кескин жогорулады.Немис метеорологдору Франкфуртта күн катуу ысыйт деп эскертти. 

1947-жылдан бери биринчи жолу июндук рекордду 38,2°С жаңыртат. Ысык аба ырайы ошондой эле айрым скандинавия өлкөлөрүнө дагы жетти. Бул аптада Дания жана Швециянын түштүгүндө температура 30 градуска жетет. Бул кышы суук, жайы салкын болгон өлкөлөр үчүн өтө эле жогору температура. Эксперттер барган сайын мындай ысык аба ырайы Европа үчүн көнүмүш боло берет деп эскертүүдө. Глобалдык жылуулукка каршы күрөш күчөгөнүнө карабай ушундай болот. Мурунку аномалдуу ысык Европада 2003-жылы катталган. Анда ысыктан болжолу 20 миң киши каза тапкан.