Жаңылыктар
Таластык дыйкан жаңы сугат ыкмасын ойлоп тапты
Аймак
Таластык дыйкан жаңы сугат ыкмасын ойлоп тапты

Таластык дыйкан талаа сугаруунун жаңы ыкмасын ойлоп тапты. Бул үчүн жер ээси темир челектердин түбүн кесип, аларды бири-бирине ширетип, эми сугат мезгилин күтүп калган чагы.  

Суу жетпеген жерин сугаруу үчүн Эсен Орозов ар бир челекти 500 сомдун айланасында сатып алган. Ал
200 литрлик темир челектердин түбүн кесип, бири-бирине ширетип, бул ыкма менен сууну алып келүүнүн жаңы сырын тапканына ыраазы.

Дыйкандын жерине суу башка талааларды айланып отуруп араң жетчү. Бир чети сугат күнүн уттурса, бир чети суунун көлөмү эки эсеге азайып калчу.
Суу жерге синип кетпеш үчүн 90 метрлик желим тасмалын жерге төшөп, дыйкан жыл сайын убара тартып келген. Кээде бул аракетимен да майнап чыкпай
тургузулган дарактар кургап калаар эле дейт жер ээси.
Сууну коромжусуз алып келүү үчүн келечекте цемент лотокторду орнотуу максатталууда. Жалпысынан облус боюнча 104 миң га ашуун айдоо аянты бар. Анын 5600 гектары кайракы.