Жаңылыктар
Атамбаевдин иши боюнча башкы прокурор баяндама жасады
Саясат
Атамбаевдин иши боюнча башкы прокурор баяндама жасады

Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында Алмазбек Атамбаевди экс-президент макамынан ажыратуу маселеси каралып жатат. Жыйында баш прокурор Өткүрбек Жамшитов баяндама жасады. Ушул тапта эл өкүлдөрү өз пикирлерин билдирүүдө. Парламент 20-июнда мурдагы Президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу үчүн ага күнөө коюу маселесин караган депутаттык комиссиянын корутундусун жактырып, Башкы прокуратурага жиберген. Башкы прокуратура экс-президент Алмазбек Атамбаевге коюлган алты дооматтын бешөөнү негиздүү деп тапкан.

Атамбаевге «кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан бошотулушуна, Бишкек Жылуулук электр борборун оңдоп-түзөөдөгү коррупциялык иштерге аралашкан, баш калаага көмүр жеткирүүчү компаниянын кызыкчылыгын коргогон, мыйзамсыз жер алган» деген айыптар коюлууда.