Жаңылыктар
Ысык-Көлгө Өзбекстандан туристтер келди
Туризм
Ысык-Көлгө Өзбекстандан туристтер келди

Ысык-Көлгө аба каттамы аркылуу Өзбекстандан 140 турист жана 40 медиа кызматкери келди. Журналисттер Кыргызстандын көрүнүктүү кооз жерлерин сүрөт, видеого тартып алары айтылды. 

Конокторду "Тамчы" аба майданынан салтанаттуу түрдө Туризм департаментинин директору Максат Дамир уулу, Ысык-Көл районунун акими Данир Иманалиев жана башка жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тосуп алышкан. 

Ташкент — Тамчы каттамы менен быйылкы эс алуу сезонунда үч миңден ашуун адамды кабыл алуусу күтүлүп жатканы кошумчаланган. Ысык-Көлгө Ташкенттен алгачкы аба каттамы 2017-жылы ачылган.