Жаңылыктар
Башкы прокуратура Атамбаевди 5 пункт боюнча айыптоодо
Саясат
Башкы прокуратура Атамбаевди 5 пункт боюнча айыптоодо

Башкы прокуратура экс-президент статусунан ажыратуу үчүн Алмазбек Атамбаевге каршы күнөө коюу маселеси боюнча корутунду бере турган атайын убактылуу комиссиянын айыптоосун карап чыгып, анда белгиленген 6 пункттун ичинен 5 пункт боюнча айыптоолорго экс-президенттин тиешеси бар деген бүтүмгө келди. Бул тууралуу башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Жогорку Кеңеште “Кыргыз Республикасынын экс-президенти Алмазбек Атамбаевди статусунан ажыратуу жөнүндө” токтомдун долбоору каралып жатканда билдирди. 

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдун айтымында, 40 депутаттан турган демилгечи топтун айыптоосунда Атамбаев президент болуп турганда бийликтин бардык бутактарын өз кызыкчылыгына колдонуп, уюшкан кылмыштуу топ түзүп, анын режимине каршы чыккан парламенттин депутаттарын, судьяларды, коомдук ишмерлерди, ошондой эле журналисттерди, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн куугунтуктаганы көрсөтүлгөн. Бул пункт боюнча Башкы прокуратура Алмазбек Атамбаевдин айыптоолорго түз тиешеси жок деген бүтүмгө келди. 

Координациянын көзөмөлү жана анын тапшырмасы менен «мыйзамдагы ууру» аталган Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотуу иши уюштурулган. Бул пункт боюнча башкы прокурор Атамбаев Батукаевди бошотуу боюнча Атахановго буйрук бергени тууралуу окуп берди. Тергөө учурунда топтолгон материалдар жарыяланбайт.