Жаңылыктар
Кайгуул милициянын укук-милдеттери
Кыргызстан жаңылыктары
Кайгуул милициянын укук-милдеттери

 Кыргызстанда кайгуул милициянын ишмердигине сын айткандар дагы деле көп. Жол коопсуздук кызматкерлеринин мурдагыдай эле бак-дарактардын артында жашынып жөнү жок токтоткон учурлары, айрым учурда жеке унаалары менен күзөткө чыкканы, же көчөлөрдөгү көп сандаган унаа тыгындарына көңүл бурулбай жатканы буга себеп болуп жаткандай.

Мурдагы жол көзөмөлдөө кызматынын Кайгуул милициясы болуп түзүлгөнүнө бир айга жакындап калды. Бул аралыкта борбор калаанын көчөлөрүндө эмне өзгөрдү?

Жаңы эрежеге ылайык, жол коопсуздук кызматкерлери көчөлөрдү автоунаа менен күзөтүп, тыгындар пайда болгон жерлерге, жол эрежесин бузуу фактылары көп катталып жаткан аймактарга 15-20 мүнөткө токтоп, иш алып барышса болот.

Жол сакчыларынын тынымсыз иш аракеттерине карабай борбор калаада унаа тыгындары азая элек. Мындай көрүнүш айрыкча шаардын борбородук көчөлөрүндө эртең менен, түштө жана кечки убактарда орун алат. Мындай учурда кайгуул милициясын да кездештирүү кыйын экенин айдоочулар белгилейт. Ошондон уламбы, жол коопсуздук кызматкерлери дагы деле бак-дарактардын артына жашынып жатат деген сындар көп айтылууда.
Автоунаалар Кайгуул милициясы тарабынан негизсиз токтотулбашы керек. Эгер "Колго түшүрүү” планы жарыяланса, же жол эрежесин бузгандар катталса гана токтотууга укуктуу. Ал эми айрым учурларда, анча чоң эмес эреже бузуулар болсо милиция кызматкерлери эскертүүлөр менен деле чектелсе болот.
Ошол эле учурда, жол сакчылары айдоочуларды да жол эрежелерине жоопкерчилик менен мамиле кылууга үндөйт.