Жаңылыктар
Атамбаев кол тийбестиктен ажыратылды
Саясат
Атамбаев кол тийбестиктен ажыратылды

Жогорку Кеңеш жалпы жыйында Алмазбек Атамбаевди экс-президент макамынан ажыратуу боюнча депутаттык комиссиянын корутундусун жактырды. Аны депутаттардын 103ү колдоп, алтоо каршы добуш беришти. Баш прокурор Өткүрбек Жамшитов баяндама жасап, Атамбаев мамлекетти башкарып турган учурда ыйгарым укуктарынан аша чапканы жөнүндө маалыматтарды айтты. 

Жогорку Кеңеш 20-июнда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратыш үчүн ага күнөө коюу маселесин караган депутаттык комиссиянын корутундусун жактырып, аны Башкы прокуратурага жиберген. Башкы прокуратура экс-президент Алмазбек Атамбаевге коюлган алты дооматтын бешөөнү негиздүү деп тапкан. 

Атамбаевге «кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан бошотулушуна, Бишкек Жылуулук электр борборун оңдоп-түзөөдөгү коррупциялык иштерге аралашкан, баш калаага көмүр жеткирүүчү компаниянын кызыкчылыгын коргогон, мыйзамсыз жер алган» деген айыптар коюлууда. Жогоруда аталган иштердин баары Жазык кодексинин 319-беренеси, "Паракорчулук" боюнча сотко чейинки өндүрүшкө алынган.