Жаңылыктар
Парламенттеги бүйүр кызыткан шайлоо
Саясат
Парламенттеги бүйүр кызыткан шайлоо

 Жогорку Кеңештин төрагалыгына эми жаңы талапкерлер ат салышат. Эки талапкер 51 добуштан алгандыктан, парламент бул жолу төраганы шайлай алган жок. “Кыргызстан” фракциясынын лидери Канатбек Исаев менен “Өнүгүү Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев бирдей добушка ээ болгондуктан, кайрадан жаңы шайлоо өткөрүлөт.

Ошол эле учурда талапкерлер да, депутаттар да шайлоо таза өткөнүн билдиришти.

Адегенде эки талапкер кесиптештерине программаларын сунуштады. Ынтымакты ыдыратпай, парламентти оппозиция менен позицияга бөлбөй, туруктуулукту камсыз кылууну убадалаган Бакыт Төрөбаев 5 бөлүмдөн турган программасын тааныштырды. Анда эң башкысы шайлоочулар менен эл өкүлдөрүнүн ортосунда байланышты бекемдөө, парламенттин көзөмөл вазыйпасын күчөтүү, сапаттуу мыйзам долбоорлорун кабыл алуу, комитеттердин ишин арттыруу жана парламенттер аралык алаканы бекемдөө камтылган.

Төраганы шайлоо боюнча каттоодон өткөн 120 бюллетень, 119 бюллетень берилди урнадан чыкты. Жараксыз 3 керектен чыккан 1. Депутат Исаевге макул 51, Бакыт Төрөбаевге макул 51, баарына каршы 14. 

Депутаттар эки талапкер тең добуш алганына байланыштуу түзүлгөн акыбал кайтадан жаңы шайлоону чечти.