Жаңылыктар
Аймактарга инвестиция тартып, ишканаларды ачууга өзгөчө көңүл бурулууда
Экономика
Аймактарга инвестиция тартып, ишканаларды ачууга өзгөчө көңүл бурулууда

Акыркы эки жылдан бери мамлекет тарабынан өлкөнүн аймактарын өнүктүрүүгө көңүл бурулуп, бир катар иштер жасалды. 2018-жылы Кыргызстанга жалпы 850 миллион доллардан көп инвестиция тартылып, алардын арасынан региондорго акча салгандары болду. Инвестициянын аркасы менен ар бир облуста кеминде экиден ири ишкана ачылып, жумуш орундар түзүлгөн. Бул багытта ишти мындан ары улантып, инвестициялык өндүрүш аймактарга жайылтылса, калкты жумуш орун жана киреше менен камсыз кылып, айыл чарба, курулуш, соода-сатык, билим берүү тармактарынын өнүгүүсүнө да түрткү берет.

10 жыл мурун байпак чыгарып иш баштаган ишкерлер 2014-жылы кийим тигүүчү фабрика түптөп, азыркы күндө эки ишканада жалпы 300дөн ашык адам эмгектенүүдө. Иши өрүш алган ишкана 2016-жылы Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунан жеңилдетилген насыя алып Чүй облусунун Токмок шаарында кездеме чыгаруучу ишкана ачкан. Долбоордун жалпы баасы 10 миллион долларга барат. Азыркы күндө аймакта орун алган ишканада 170ке чукул адам иштеп жатат. Ишкерлер муну менен эле токтоп калбай аймакка дагы инвестиция салууга даярдык көрүүдө.

Инвестицияларды коргоо жана илгерилетүү агенттиги инвестор менен түзмө-түз иш алып барат. Былтыр агенттик тарабынан 28 миллион доллардан ашык инвестицияга 9 долбоор ишке ашып, жалпы 500дөй жаран жумуш орун менен камсыз болгон. Агенттиктин быйыл инвестициянын көлөмү 1 миллиард доллардан дагы жогору болот деп божомолу бар. Жакында өткөн кыргыз-кытай бизнес форумунда 24 келишимге кол коюлган. Арасынан аймактарда акча салууга кызыкдар инвесторлор бар.

Кыргызстанда жеңил өнөр жайы жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүү сыяктуу тармактарында өсүү көрсөткүчү жаман эмес. Талдоочулардын айтымында, аймактардагы потенциал толук түрдө пайдаланышы керек. Бирок жергиликтүү бийлик жетекчилери ишкананын ачылышын ойлобой, анын түптөлүп бутуна турушуна колдоо кылса инвестордун кызыгуусу туулат.

Жалпысынан алганда Кыргызстанда инвестициялык климат жаман эмес. Ал үчүн бир катар мыйзамдар иштелип чыгып, жеңилдиктер каралган. Болгону өлкөдө саясий, экономикалык туруктуулук болсо, сот системасы жакшы иштесе, анда инвестор акча салсам мени коргойт деп ишеним артып, өлкө аймактарына чейин ишмердүүлүк жүргүзүүгө бел байлайт.