Жаңылыктар
Кадамжайда кара өрүктүн алгачкы түшүмү жыйналууда
Аймак
Кадамжайда кара өрүктүн алгачкы түшүмү жыйналууда

Кадамжайдын Үч-Коргон айыл аймагында кара өрүктүн алгачкы түшүмү жыйнала баштады. “Лето” деп аталган бул сорт эрте бышат. Жалпысынан айыл аймагы боюнча 10 гектар гана аянтта кара өрүк өстүрүлгөн. Багбандар мындан ары дагы да бак аянттарын көбөйтүү аракетинде. Анткени былтыркы жылга салыштырмалуу түшүмдүн баасы жогорулап Казакстан, Орусияга чейин сатыла баштады. 

Камилжон Турдалиев үлүш жерине мөмөлүү дарактардан алма, шабдаалы, алча жана кара өрүк өстүрүп, киреше табууда. Буга чейин алчаларын сатып түгөткөн. Эми болсо 30 түп кара өрүктүн түшүмүн жыйнап баштады. 40 сотых жер аянтынан жыл сайын 400 миң сомго чейин түшүм алат.
Бул үй-бүлө чакан жер аянтындагы бактарынан тапкан кирешесин турмуш тиричиликке жумшашат. Башка жылдарга салыштырмалуу кара-өрүктүн базар баасы көтөрүлүп, түшүмүн коромжусуз жыйнашууда. Минавар Турдалиева жолдошу терип берген кара өрүктөрдү жашиктерге салып, кардарга даярдайт.

Кара өрүк өстүрүү эми гана жолго коюлуп жаткандыктан түшүмдүн көлөмү аз дешет экспорттоочулар. Ага байланыштуу өткөн жылдары багбандар түшүмдөрүн сата албай да калышкан. Мындай учурда абалдан чыгууга кайра иштетүүчү ишканалар да жок дешет.

Учурда Үч-Коргон айыл аймагы боюнча 10 гектар гана аянтта кара өрүк өстүрүлүп жатыптыр. Мындан ары багбандар кирешеси аз мөмөлүү дарактардын ордуна кара өрүктү өстүрүү аракетин көрүшүүдө. Ошондо гана экспорттун көлөмүн көбөйүп, жакшы баада сатабыз деген ниетте турушат.