Жаңылыктар
Диний радикализмге бөгөт коюуда түшүндүрүү иштеринин мааниси чоң
Дин
Диний радикализмге бөгөт коюуда түшүндүрүү иштеринин мааниси чоң

Түшүндүрүү иштеринин натыйжасында экстремизм беренеси боюнча соттолгон дагы бир жаран буга чейин туткан идеологиясынан баш тартты. Бул адамды эсепке алганда өлкөдө тыюу салынган диний агымдан чыккандардын саны он экиге жетти. 

Анарбек Сыдыков көптөн бери Кыргызстанда тыюу салынган “Хизб ут-Тахрир” диний уюмунун мүчөсү болуп келген. Ал экстремизм беренеси менен соттолуп, беш жылдан бери жабык мекемеде жазасын өтөйт. Мындай айып тагылган адамдар башкалардан өзүнчө камерада кармалат. Күнүнө эки саат сейилдөөгө чыгат, баскан турганы ар дайым көзөмөлдө. Анарбек Сыдыковго теолог, дин ишмерлери байма-бай түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, ислам дини тууралуу көп маалымат алган. Азыр анын колунан куран китеби түшпөй, салттуу динди тереңдетип окуу менен алек. Анткени ал туура эмес агымдан баш тарткан.

Мындан үч жыл мурун №50 абактан тыюу салынган террористтик уюмдун 9 мүчөсү качып чыгышы, андагы кан төгүүлөр терроризм жана экстремизм боюнча соттолгондорду өзүнчө бөлүп кармоого түрткү болгон. Азыр жабык мекемелерде жалпы 250дөн ашык адам бөлүнгөн, тосмолонгон жайларда кармалат. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматында болсо алар менен иш алып баруу үчүн диний сабаты жоюлган атайын адистер даярдалган.

Өлкөдө диний радикализмге бөгөт коюуга бардык тиешелүү кызматтар тартылган. Иш алып барган адистер коомчулукта алдын алуу иштерин жүргүзүп, тыкыр көзөмөл жүргүзүлбөсө кесепети оор келээрин айтышат. Өзгөчө абактагы адамдар тез азгырылаары аныкталган. Кыргызстандын аймагында 21 диний уюм террордук жана экстремисттик деп табылып, ишмердигине тыюу салынган. Алардын арасынан кеңири жайылганы “Хизб ут-Тахрир” диний уюму. Дин ишмерлери тетири агымдагылар динди жамынып туура эмес амалдарды аткараарын айтып, алардын бал тилине кирбөөгө чакырат.

Талдоочулардын айтымында, ислам дининин Кыргызстандын аймагында бир нече кылымдык тарыхы бар. Бирок эгемен жылдары жергиликтүү элдин менталитетине шайкеш келбеген ислам багытындагы ахмадий, сулаймания, вахабий, салафий, нуржулар сыяктуу жана башка агымдар пайда болгон. Учурда туура эмес динде жүрүп кылмышка баргандарын салттуу динге кайтаруу аракеттери жүрүп жатат.