Жаңылыктар
Быйыл Кыргызстанга 2 миллион турист келери күтүлүүдө
Туризм
Быйыл Кыргызстанга 2 миллион турист келери күтүлүүдө

2019-жылы Кыргызстан өлкөгө 2 миллион турист келет деп күтүп жатат. Бул тууралуу Туризм департаментинен билдиришти. Конокторду күтүп алууга бардык иш-чаралар аткарылып, тейлөө тармагы даяр деп айтууга болот. Ал эми ички туризмди өнүктүрүү үчүн Таласта кичи көчмөндөр оюндары уюштурулат. 

Ошондой эле, Нарында "Оймо" фестивалы болот. Андан сырткары, туристтик милиция белгиленген тартипте иштеп жатат. Тартип сакчылары француз, англис жана немис тилдерин билишет. Эскерте кетсек, былтыр Кыргызстанга 1 млн 400 миң турист келип кеткен.