Жаңылыктар
Бишкектеги №17 кесипчилик лицейинде окугандардын 90 пайызы ишке орношот
Билим
Бишкектеги №17 кесипчилик лицейинде окугандардын 90 пайызы ишке орношот

Бишкектеги №17 кесипчилик лицейинин бүтүрүүчүлөрү жумушсуз калбайт. Бул окуу жайын бүтүргөндөрдүн 90 пайызы ишке орношот. Сапаттуу билим менен катар мыкты тажрыйбага ээ болгон татыктуу даяр кадрларга көпчүлүк иш берүүчүлөр кызыгып келерин узатуу кечесинде окуу жайдын жетекчиси Иноват Ниматова билдирди. 

Тигүүнү, бычууну мыкты өздөштүрүшкөн бүтүрүүчүлөрдүн жөндөмдүү колунан тигилген жеңил көйнөктөрдүн жана сырткы кийимдердин көрсөтмөсүндө моделдердин түрлөрү көрсөтүлүп, көрүүчүлөрдү жана өнөктөштөрдү кызыкка батырды. Белгилей кетсек, №17 кесипчилик лицейи -тикмечилерди, бычмачыларды жана чач-тарачтарды даярдап чыгаруу менен кваликациялык дипломдорду тапшырышат.