Борбор калаанын Ленин районундагы кесипкөйлүгү, иш билгилиги менен өзгөчөлөнгөн ак халатчандар сыйланды. “Ардак грамотаны” Ленин райондук администрация башчысынын орун басары Чынасыл Чыныбаев тапшырып, дарыгерлердин түйшүктүү жана жоопкерчиликтүү ишине ийгиликтерди каалады. Муну менен катар Бишкек шаарынын Ленин районунун үй-бүлөлүк мыкты дарыгерлери аныкталды.
“Үй-бүлөлүк мыкты врач” сынагына бул аймактагы алты бириккен үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунун кызматкерлери катышып, өздөрүнүн кесипкөйлүк жөндөмүн көрсөтүштү. Бириккен үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун жетекчисинин айтымында, сынакка катышкан өмүр сакчыларынын ар бири мактоого татырлык. Алдына коюлган тапшырмаларды, милдеттерди бардыгы татыктуу аткарышса да көрүүчүлөрдүн жана калыстар тобунун элегинен эң мыктысы иргелип алынды.
Натыйжада, Ленин районунун эң мыкты үй-бүлөлүк дарыгери деп №2 Бириккен үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун кызматкери Азыгалиева Чолпон тандалды.
"Алдыдагы медицина кызмакерлеринин күнүнө карата уюштурулуп жатат. Биздин аймактагы Бириккен үй-бүлө бирикмелеринин дарыгерлери баары профессионалдар. Ошолордун 1ден кызматкери сынакка катышты",- деди Ленин райондук Бириккен үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директору Шерипкан Маматаев.