Жаңылыктар
Кантта Азиялык мединститутунун жаңы окуу бөлүмү ачылды
Билим
Кантта Азиялык мединститутунун жаңы окуу бөлүмү ачылды

10 жылдан бери иштеп келе жаткан Саткынбай Тентишев атындагы Азиялык медицина институтунун Кант шаарындагы жаңы окуу бөлүмүнүн расмий түрдө ачылыш аземи болуп өттү. Беш кабаттуу бул окуу жайда 96 аудитория, 130 студентке ылайыкталган 7 дарскана бар. 

Ошондой эле спорт зал, компьютердик класстар жана 600 адам бата турган чоң жыйындар залы дагы курулган. Азыркы учурда бул окуу жайда 14 өлкөдөн келген 3000 студент билим алып, 116 окутуучу эмгектенет.