Жаңылыктар
Жалал-Абаддагы жаңы курулган жер өтмөктүн сапатына калаа тургундары нааразы
Кыргызстан жаңылыктары
Жалал-Абаддагы жаңы курулган жер өтмөктүн сапатына калаа тургундары нааразы

Жалал-Абад шаарынын Нагима Айтматова менен Ленин көчөсүнүн кесилишине курулган жер алдындагы өтмөктүн сапатына калаа тургундары нааразы. Анткени курулганына жыл айланбай жатып, өтмөктүн брусчаткалары четинен талкаланып, ичине тамчы тамып, дубалынан жаракалар кете баштаган. Шаардыктарды сапатсыздыгы менен кыжаалат кылган өтмөктү куруу үчүн калаа бюджетинен 14 миллион сом кеткен.


Тепкичтерине төшөлгөн брусчаткалары сынган, дубалынан жарака кетип, жаан жааган сайын үстүнөн тамчы тамып, сууга толгон өтмөк, Жалал-Абад шаарынын Нагима Айтматова көчөсүндө орун алган. Болбосо бул жер алдына курулуган өтмөк сентябрь айында эле пайдаланууга берилген. Көптү кубанткан курулуш эми минтип жыл айланбай, ыңгайсыздык жаратып жатат.

Сапатсыз курулган өтмөк боюнча, атайын жумушчу комиссия иштеп, натыйжада өтмөк толугу менен талапка туураланмайынча, кабыл алынбай турган болгон.

Өтмөктү курган курулуш компаниясы, кемчиликтерди жоюу убадасын бергени менен өтмөктүн сметалык долбооруна кирбей калаган курулуш материалы үчүн дагы кошумча 5 миллион 700 миң сом сурап жатат. Эми бул сумманы шаардык мэрия бюджеттен карап, бөлүп бериши керек экен.