Жаңылыктар
Транспорт каражаттарын каттоо күбөлүгү жаңыланат
Кыргызстан жаңылыктары
Транспорт каражаттарын каттоо күбөлүгү жаңыланат

Мамлекеттик каттоо кызматы жаңы үлгүдөгү транспорт каражаттарын каттоо күбөлүгүн берип баштайт. Жаңы үлгүдөгү документ, жакшыртылган дизайн менен бирге, эл аралык тажрыйбаны жана заманбап алдыңкы технологияларды эске алып, көптөгөн коргоо элементтери менен айырмаланат. 

Сапатын жогорулатуу жана документти жасалмалоону жокко чыгаруу талаптарына ылайык, ошону менен бирге эле тез өзгөрүүчү дүйнөлүк тенденцияларды эске алуу менен унааны каттаган күбөлүктү жаңылоо учурдун талабы деп айтылды.

“Буюрса жаңы дизайн жана жаңы жасалга менен август айынан баштап берип баштайбыз. Анын баасы мурдагыдан арзан, болгону 192 сом болот”,- деген "Унаа" мамлекеттик мекемесинин өкүлү Үсөйүн Касымалиев.