Жаңылыктар
Памирлик кыргыздарга жардам көрсөтүлөт
Кыргызстан жаңылыктары
Памирлик кыргыздарга жардам көрсөтүлөт

Мамлекеттик миграция кызматы памирлик кыргыздар үчүн гуманитардык жардам чогулта баштады. 10-февралда Улуу жана Кичи Памирде жашаган кыргыздарга медициналык жардам берүү боюнча экспедиция жасоо пландалган. Көмөк көрсөтүү иретинде жылуу кийим-кече, мектепке керектүү куралдарды жана дары-дармектерди топтоо иши башталган.

Сапардын алкагында ал жерден 5 үй бүлөнү Кыргызстанга көчүрүп келүү аныкталат,-дейт миграция кызматынан. Памир кыргыздарына кимде-ким жардам бергиси келсе Бишкек шаарындагы Раззаков көчөсү 8 дарегинде жайгашкан “Кайрылмандар менен иштөө” бөлүмүнө кайрылса болот.