Жаңылыктар
Улук сержант Кайратбек Рапиев демилгелеген ультрамарафон
Спорт
Улук сержант Кайратбек Рапиев демилгелеген ультрамарафон

Улуттук гвардиянын 27 жылдыгына карата улук сержант Кайратбек Рапиев демилге көтөрүп, ультрамарафон уюштурду. Ал алыскы аралыкка бел байлап, стартты Балыкчы шаарынан баштады. 3 күн аралыгында Балыкчы - Тоң - Жети-Өгүз - Каракол - Ак-Суу аркылуу 80 саатта Чолпон-Ата шаарына келүүнү мерчемдеген. 

Ал үчүн Кайратбек Рапиев кышы бою атайын машыгып, даярдык көргөн. Анын бул демилгесинин максаты өлкөбүздүн коопсуздугу жана бүтүндүгү үчүн кызмат кылып келген жалпы куралдуу күчтөрдүн даражасын көтөрүү, жаштарды сергек жашоого жана аскерде кызмат өтөөгө үндөө болууда.