Чыгыш менен батышты байланыштырып, аймакта соода жүгүртүүнүн көлөмүн көбөйтүү максатында ири темир жол курулушун ишке ашыруу мөөнөтү жакындап калгандай.
“Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынан билдиришкендей, учурда Кыргызстан-Кытай жана Өзбекстандын ортосунда долбоор боюнча жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөр уланып, адистер техникалык экономикалык негиздеменин үстүнөн иштеп жатышат. Бул маселеде Кыргызстанга Орусия да жардам берүүдө.
Кытай Орусия жана Казакстан аркылуу, ага катар түштүктөн Иран, Индия жана Пакистан тараптан, деңиз аркылуу жылына 90 млрд долларга эсептелген товар ташыйт. Кыргызстан менен коңшу өлкөнүн 5 млрд долларга жакын товары өтөт. Эгер Кыргызстан-Кытай-Өзбекстан темир жолу курулса, адистер бул сан 15-20 млрдга өсөрүн божомолдошууда.
Мындан сырткары Кытай ишкерлери үчүн Европага чыгуу жолу 1000 чакырымга чейин кыскарып, ага катар бир жумага чейин убакыт үнөмдөшөт. Экономисттер ири темир жол долбоорунун Кыргызстанга тие турган пайдасын да эсептешүүдө.
Бир четинен экономикалык туризм, станцияларда жумуш жанданат. Туризм өнүгөт. Үчүнчүдөн, биздин экпортерлор товар таашууга жол ачылат. Төртүнчүдөн, Кыргызстан жол учун транзитттик толомдорду алат.
Адистердин айтымында, Кыргызстан-Кытай-Өзбекстан темир жолун курууда үч мамлекет гана эмес, Казакстан, Орусия баштаган коңшулар менен дагы орток пикирге келүү маселеси бар. Анткени Кытай экспортко багытталган товарынын дээрлик тең жарымын бул өлкөлөр аркылуу алып өтүүдө. Бирок, маселенин аймактагы абройлуу уюмдардын биринде көтөрүлгөнүн кубатташууда.
Экономисттердин эсебинде, темир жолдун курулушуна 6 млрд долларга жакын каражат сарпталат деп айтылууда.
Эң негизгиси долбоорду ишке ашыруу процесстери жанданып, жакынкы айларда реалдуу жыйынтыктар боюнча маалыматтар берилмекчи.