Жаңылыктар
Нарында “Кыргыз шырдагы” деп аталган эл аралык фестиваль болуп өттү
Маданият
Нарында “Кыргыз шырдагы” деп аталган эл аралык фестиваль болуп өттү

Нарында “Кыргыз шырдагы” деп аталган эл аралык фестиваль болуп өттү. Көпчүлүктүн көңүлүн буруп, кыргыздын улуу эл экенин даңазалаган фестиваль 9-жолу уюшулуп жатат. Иш-чарага дубандын булун-бурчунан 200гө жакын уздар келип, өз өнөрлөрүн элге тартуулашты. 


Кооздугу көздүн жоосун алган бул шырдактар Бурулуш Турсунованын эмгегине таандык. Ал он беш жылдан бери узчулук менен алектенип, заман талабына ылайык өзгөчө жагымдуу шырдактарды жасайт. Бул жолу да анын өнөрү көпчүлүктүн көңүлүнө жакты.

Көпчүлүктүн көңүлүн кызыткан “Кыргыз шырдагы” фестивалы Нарын шаарында уюшулуп, облустун болгон булуң-бурчунан 200гө жакын катышуучу келген. Фестивалда коюлган шырдактардын кооздугун сөз менен айтуу мүмкүн эмес. Ар бири өзүнүн жасоо ыкмасы жана кооздугу менен айырмаланып турат. Иш-чарага чет жактан келген коноктор да көз чаптырып, таң беришти.

9-жолу өткөрүлүп жаткан “Кыргыз шырдагы” эл аралык фестивалы жыл айланган сайын өнүгүп жатат. Салтанаттын жалпы байге фондусу үч жүз миң сомду түзүп, каражатты Маданият, маалымат жана туризм министрлиги бөлүп берди. Келерки жылы фестивалдын уюшулганына он жыл толот.