Жаңылыктар
Арыс шаарынын тургундары үйлөрүнө кайта баштады
Дүйнө
Арыс шаарынын тургундары үйлөрүнө кайта баштады

Бул тууралуу Казакстандын жергиликтүү басылмалары жазууда. Тургундарды кайрадан өз шаарына автобус менен алып келүү иш-чарасын Чымкент шаарынын жетекчилиги уюштурду. 

Буга чейин Түркстан облусунун башчысы Умирзак Шукеев шаар толугу менен жарылуучу каражаттардан тазаланганын билдирген. 

Үйлөрүнө кайткан тургундар менен полиция, куткаруучу, дарыгер жана психологдор иштеп, эл өзүнө келгиче жардам берип турушат. Ошондой эле жергиликтүү бийлик турак жайлардын учурдагы абалын текшерип жүрөт. Облус жетекчисинин айтымында, мамлекет элдин чыгымын толтуруп берет. 

Белгилей кетсек, 24-июнь күнү саат 9.20ларда Казакстандын түштүгүндө жайгашкан Арыс шаарындагы №44 856 аскер бөлүгүндөгү курал-жарак кампасында жарылуу болгон. Элди ыкчам кызматтын адистери, ИИМ жана Коргоо министрлигинин өкүлдөрү эвакуациялаган. Жарылуудан үч адам көз жумуп, 90го жакын адам ооруканага жаткырылган. Аталган шаарда 43 миң киши жашайт.