Жаңылыктар
Суусамырда Каба уулу Кожомкул балбандын 130 жылдыгы белгиленип жатат
Маданият
Суусамырда Каба уулу Кожомкул балбандын 130 жылдыгы белгиленип жатат

Суусамырдагы Каракол жайлоосунда Каба уулу Кожомкул балбандын 130 жылдыгы белгиленип жатат. Иш-чара улуттук ат оюндары менен коштолууда. 

Оюндардын программасына көк бөрү, ат чабыш жана балбан күрөш кирген. Ошондой эле кезинде Кожомкул балбан көтөргөн 635 килограммдык таш жана 300 килограммдан ашык атты көтөрүү боюнча балбандар чоң байгеге ат салышат. Кожомкул балбандын мааракесине карата жайлоого ондогон боз үйлөр тигилип, эл чоң оюн-зоок программасына камданууда. 

Каба уулу Кожомкул 1889-жылы Суусамыр аймагында туулуп, 1955-жылы каза болгон. Мааракеге арналган иш-чара 29-30-июнь күндөрү, эки күн катары менен белгиленет.