Жаңылыктар
Өзбекстандын Жизак шаарында аттракцион сынып кетип, бир кыз каза болду
Дүйнө
Өзбекстандын Жизак шаарында аттракцион сынып кетип, бир кыз каза болду

Өзбекстандын Жизак шаарында аттракцион сынып кетип бир кыз мерт кетти. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан агенттиги жазды.

"Истиклол" паркындагы "Учуучу тарелка" деп аталган аттракцион иштеп жаткан учурунда тең жарымынан бөлүнүп кетип, орундуктарга бекитилген адамдары менен бирге, жети метр бийиктиктен кулап түшкөн. 

Интернетте жарыяланган видеодо аттракциондун сынып жерге кулаганы көрүнүп турат. Бир адамдын өмүрүн алган кырсык боюнча кылмыш иши козголду.