Жаңылыктар
Атамбаев кол тийбестиктен ажырады. Кийинки кадам кандай?
Саясат
Атамбаев кол тийбестиктен ажырады. Кийинки кадам кандай?

2019-жылдын 27-июнунда Жогорку Кеңеш экс-президент Алмазбек Атамбаевди экс макамынан ажыратып, кол тийбестигин алды. Бул дата өз кезегинде тарыхый мааниге ээ болуп калды, ушуну менен эгемен Кыргызстанды башкарган үчүнчү президент мындай макамынан ажырап, аны кылмыш жоопкерчилигине тартууга жол ачылып отурат. 

Экс-президент деген макамга азыр 2010-2011-жылдары өткөөл мезгилде өлкөнү башкарган Роза Отунбаева гана ээ.