Жаңылыктар
ЖЭБтеги коррупция: "Кыңыр иш кырк жылда билинет"
Коррупция
ЖЭБтеги коррупция: "Кыңыр иш кырк жылда билинет"

Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялоодогу кылмыш иши боюнча соттук отурум уланууда. Сотто көрсөтмө берген адистер, убагында ЖЭБдин жаңы оңдоп түзөөдөн өткөн бөлүгүн кабыл алууда 200дөн ашык кемчиликтер табылып эскертүү берилгенин, бирок алардын бири да эске алынбаганын билдиришти.
Ал эми ага чейин сотто мурдагы премьер-министр Игорь Чудинов суралып, ал анын өкмөтү Бишкек Жылуулук электр борборун ошол келишим боюнча модернизациялоо пайдасыз болот деген бүтүм чыгарганын, техникалык экономикалык негиздемени Дүйнөлүк банк жасап бериши керек деген позицияны карманган. Ал эми айрым адистердин көрсөтмөсүндө, Бишкек ЖЭБин модернизациялоо боюнча техникалык экономикалык негиздеме 150-160 млн долларга гана эсептелген.