Өлкөдө кыргыз элинин атактуу балбаны Каба уулу Кожомкулдун 130 жылдыгы белгиленүүдө. Иш-чаранын расмий бөлүгү бүгүн Суусамыр өрөөнүндөгү Каракол жайлоосунда президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда өттү. Өлкө башчысы жалпы элди Каба уулу Кожомкулдун 130 жылдык мааракеси менен куттуктап, «Ынтымакты, адамдар арасындагы асыл каситеттерди аздектеп жашаган коом, биримдиктүү журт болуш үчүн бизге бүгүн ата-бабалардыкындай эрк, күч-кайрат жана тынымсыз аракет керек» деп баса белгиледи.
Каба уулу Кожомкул кыргыз жана казак элине атагы чыккан балбан. 1888-жылы Суусамыр аймагында туулган.47 жашында салмагы 165 кг, боюнун узундугу 2 м 36 см болгон. Күчкө толуп турган убагында салмагы 400 кг чамалуу өгүздү жаракадан сууруп чыккан. Элге “Кожомкулдун ташы” деген ат менен белгилүү таштын салмагы 635 кг, аны Кожомкул балбан Суусамыр өрөөнүндөгү Арамза төрүнөн 100 метрдей аралыкка көтөрүп барып, жерге күч менен уруп киргизген. Каба уулу Кожомкулдун 130 жылдыгына арналган иш-чаралар улуттук ат оюндары менен коштолуп, жайлоодо ондогон боз үйлөр тигилип, элге чоң оюн-зоок программалары коюлду.