Жаңылыктар
«Улуттук башкаруучу компания» ачык акционердик коому түзүлдү
Экономика
«Улуттук башкаруучу компания» ачык акционердик коому түзүлдү

Кыргызстанда «Улуттук башкаруучу компания» ачык акционердик коому түзүлдү. Тийиштүү чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Мындай мекемени түзүү чечими Мамлекеттик мүлктү башкаруу системасын өркүндөтүү максатында кабыл алынган. 

«Улуттук башкаруучу компания» өлкө мыйзамдарында белгиленген тартипте, уставдык капиталына мамлекеттин 100 пайыз катышуусу менен түзүлүүдө. Ачык акционердик коомдун уюштуруучусу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонду болот, ага «Улуттук башкаруучу компанияны» юстиция органдарында каттоодон өткөрүү тапшырмасы берилди.