Кара-Балта метеостанциясынын билдирүүсү боюнча, Чүй облусунун Жайыл районунда 2016-жылдын 21-апрель күнү саат 03:22 саат 03:40 чейин катуу шамал катталган. Бул тууралу Өзгөчө кырдаал министирлиги маалымдады.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 25 метрге чейин жеткендиги белгилүү.
Учурда Жарандык коргоо комиссиясы тарабынан иликтөө жүргүзүлүп, алын ала алынган маалымат боюнча кыйроолор жана жабыркагандар жок.