Жаңылыктар
Зыяратчылар Ажы сапарына аттанууга даярданууда
Дин
Зыяратчылар Ажы сапарына аттанууга даярданууда

Ажы сапарына аттана турган зыяратчылардын алгачкы тобу 17-июлга караган түнү Бишкектен Мекке шаарына учуп кетет. Жалпы жонунан 18 каттам каралган. Бул тууралуу муфтият кабарлады. 

Ал эми зыяратчыларга кеп-кеңеш айтып, жеринде бардык нерсени түшүндүрүп коштоп жүрүүгө 109 ажыга лицензия берилди. Ар бир ажы башчы өзүнө бөлүнгөн 49 адамга жооптуу болот. Быйыл ажылык сапар үчүн Кыргызстанга 5 миң 510 квота бөлүнгөн. Меккеге зыярат кылуунун эрежелери, ажы башчылардын милдеттери тууралуу муфтият жер-жерлерде кеңири түшүндүрүү иштерин жүргүздү.