Жаңылыктар
Ата-мекендик үрөн кардарга муктаж
Айыл чарба
Ата-мекендик үрөн кардарга муктаж

Ата-мекендик үрөндөргө жергиликтүү дыйкандардын суроо-талабы төмөн болууда. Бул тууралуу Кыргыз дыйканчылык илимий-изилдөө институтунун директорунун орун басары Биржан Усубалиев билдирди. Анын айтымында, жүгөрү, арпа үрөндөрү сатылганы менен мамлекеттик ишкананын кампасында былтыркы түшүмдөн 45 тоннадай күздүк жана жаздык буудай сакталып турат. Которуштуруу жолу менен айдалгандыктан чет элдик сортторго салыштырмалуу бул дан эгиндеринин түшүмдүүлүгү жогору болот.

“Дыйкандардан бизге буюртма берип калса, кийинки жылы биз ошол дыйкандарга керектүү болгон гана үрөндү өндүрүп бергенге мүмкүнчүлүк алмакпыз. Биздин ата-мекендик сорт, муну жазында да, күзүндөда сепсе болот. Көп региондор тоолуу регион болгондуктан жазында себебиз, жазында сеппей калып, күзүндө сепсе жакшы түшүм берет”,- деди Кыргыз дыйканчылык илимий-изилдөө институтунун директорунун орун басары Биржан Усубалиева.