Жаңылыктар
Бишкек баатырды мыкты билген барбы?
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкек баатырды мыкты билген барбы?

Бишкек баатырдын өмүр жолун изилдөөгө сынак жарыяланды. Сынакка катышууну каалагандар Бишкек баатырдын биографиясын, баскан жолун, таржымалын изилдеп, жөнөкөй, жатык тил менен зарыл болгон маалыматтарды топтоп, камдап бериши керек. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясы кабарлады.

Сынак 1-июлдан 6-сентябрга чейин созулат. 1-орунга 50 миң сом, 2-орунга 30 миң сом, 3-орунга 20 миң сом байге коюлган.