Жаңылыктар
Ала-Бука районундагы Сумсар сай суу сактагычын куруу учурдун талабы
Аймак

Ала-Бука районунун 1-Май айыл аймагындагы Сумсар сай суу сактагычын куруу учурдун талабы. Долбоор союз учурунда башталып, курулушу ушул күнгө чейин ишке ашпай келүүдө. Көлөмү 7 миллион куб сууга ылайыкташкан суу сактагыч курулуп калса, 1-Май, Көк-Серек жана Көк-Таш айыл аймагындагы 5 миң гектардан ашуун кайрак жер өздөштүрүлмөк. Бул чек арада жашаган элдин турмушун алга сүрөөгө олуттуу өбөлгө. Чоң каражатты талап кылган долбоорду ишке ашыруу үчүн мамлекеттик колдоо керектигин айыл өкмөт билдирет.

“Эл ошол суу сактагыч курулуп калат деген чоң үмүттө жашап келе жатат. Курулуп калса абдан жакшы болмок. 30 миң калк жашаган 3 айыл өкмөттүн элинин жашоосу жакшырмак. Бизде кайрак жерлер суу жок иштелбей турат”,- деди 1-Май айыл аймагынын башчысы Муктар Шербаев.